Тышкы жардамды координациялоо секторунун башчысы

SAB_2621sКУДАБАЕВ Кубанычбек Карыпбекович

1979-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин “Менеджмент” адистиги боюнча аяктаган, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктап, «Жарандык, үй бүлөлүк жана эл аралык жеке укук» адистиги боюнча магистр даражасы ыйгарылган.

 Эмгек жолу:

2003–2006–жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр-жай министрлиги, экономика бөлүмү, стажер, жетектөөчү экономист, башкы экономист

2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, мамлекеттик программаларды мониторингдөө бөлүмү, башкы экономист

2006-2014-ж.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, төлөм теңдеми жана тышкы карыз бөлүмүнүн башкы экономисти

2014-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, төлөм теңдеми жана тышкы карыз бөлүмүнүн башчысы

2018-жылдын апрелинен азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн тышкы жардамды координациялоо секторунун башчысы