КР Өкмөтүнүн программасына мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы

ALI_4708КЕРИМКУЛОВ Канат Айдарбекович 

1977-жылы Чүй облустунун Токмок шаарында төрөлгөн

Билими жогорку. 1998-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин «менеджмент» адистиги, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын бизнести башкаруу боюнча магистратурасын (МВА), 2013-жылы Япония Эл аралык университетин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасын (МРА) аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1998 – 2000-жж. – «OREMI» ААК, экономист

2000 – 2001-жж. – Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети, Инвестицияларды иштетүү башкармалыгы, 1-категориядагы адис, жетектөөчү адис

2001 – 2003-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түзинвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети, Түз инвестицияларды тартуу борбору, башкы адис

2003 – 2005-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Киреше башкармалыгы, башкы адис

2005 – 2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана кредит саясаты бөлүмү, эксперт

12.2017-ж. – 02.2018-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, төраганын орун басары

2018-жылдын майынан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына мониторинг жүргүзүү сектору, сектордун башчысы

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

Финансы-экономика иштеринин отличниги