КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы

Шаршеев Уларбек Зарлыкович

1974-жылы 17-февралда туулган.

Билими жогорку. 1996-ж. Ташкент жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын аяктаган.  2011-ж. Россия Федерациясынын ФКК Чек ара академиясын аяктады.

Эмгек ишмердиги

Кызматын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 92784 а/б пулеметтук ротасынын пулеметтук взводунун командири болуп баштаган.

1999 – 2017-жж. – Мамлекеттик чек ара кызматында ар кандай офицердик жана жетекчилик кызматтарда кызмат өтөгөн: чек ара бөлүктөрүндө, кошуундарында жана чек ара ведомствосунун башкаруу түзүмдөрдүндө командалык кылган.

2017-ж. – Башкы штабдын начальниги – КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары

07. 2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы

Мамлекеттик сыйлыктары

1999-ж. “Эрдик”, 2014-ж. III даражадагы “Манас” ордендери менен сыйланган.