КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы

0202ИБРАИМЖАНОВ Болотбек Сапарбаевич

1965-жылдын 25-декабрында Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1984-жылы Ош областынын Алай районунун №67 Кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөн.

1984-1986-жылдары Советтик армиясынын катарында аскердик кызмат өтөгөн. Аскердик наамы: запастагы майор.

1993-жылы Москвадагы Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендүү К.А.Тимирязев атындагы айыл чарбалык академиясын “Агроном” адистиги боюнча аяктаган. 2002-жылы Ош технологиялык университетинде “Экономика” тармагында , ал эми 2014-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде “Юриспруденция” багытында жогорку билимге ээ болгон.

2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинде Экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

1999-2004-жж. – “Кыргызпахта” жабык типтеги АКнун Вице-президенти;
2004-2010-жж. – “Кыргызпахта” жабык типтеги АКнун Президенти;
2010-2012-жж. – КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси;
2012-2013-жж. – КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасынын Генералдык директору;
2015-жылдын октябрында “Республика – Ата-Журт” фракциясынын тизмеси боюнча КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышындагы депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.