КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

 1АБДИЕВ БАКТЫБЕК АБЫШЕВИЧ 

1972-жылы 18-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жерказар (Алга)  айылында туулган.

Билими жогорку. 1995-жылы КМКТАУ «архитектор» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердиги:

10.1995-06.2000жж. -   Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кара-Көл инженердик факультети, «Курулуш» кафедрасы,  окутуучу;

02.1996-12.1999-жж. — Кара-Көл архитектура, чарбалык-эсептик архитектура-пландаштыруу бюросу,     архитектор;

12.1999-03.2000-жж. -   Ош шаардык архитектур бөлүмү, долбоорлоо-пландаштыруу бөлүмү, бөлүм башчы;

03.2000-03.2002-жж. -   Кара-Көл архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, башкы  архитектор;

03.2002-02.2003-жж. -  Кыргыз Республикасынын Мамкурулушу агенттиги, төраганын жардамчысы;

04.2003-04.2006-жж. – «Бишкек башкы архитектура» МИ, Октябрь райондук башкы архитектордун орун басары;

04.2006-01.2008-жж. -   «Бишкек башкы архитектура» МИ, Ленин райондук башкы архитектору;

01.2008- 10.2013-жж. — Ысык-Көл шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, башкармалыктын  начальниги;

10.2013-12.2015-жж. -   «Бишкек башкы архитектура» МИ, начальник – Бишкек шаарынын башкы архитектору;

12.2015-12.2016-жж. -   «Бишкек башкы архитектура» МИ, начальник – Бишкек шаарынын башкы архитектору;

2016-ж. 19-сентябрынан азыркы кезге чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, директор