Жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы

АЛЫКУЛОВ Рамис Муратбекович

1980-жылы 16-мартта Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган.

Билими жогорку. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу»  адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2003-2004  -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун КК Аскерлешкен коргоо көзөмөлүнүн жетекчиси

2004-2005  -   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер мамлекеттик комиссиясы, башкы адис

2005-2007 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун КК Аскерлешкен коргоо көзөмөлүнүн жетекчиси, аткыч

2007-2013 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөл бөлүмү, улук, башкы адис, сектор башчысы, бөлүм башчысынын орун басары

2013-2018 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн өз алдынча башкаруу секторунун эскперти

2018-жылдын 24-октябрынан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн өз алдынча башкаруу секторунун башчысы

Кошумча маалымат: 

II класстагы мамлекеттик кызмат кеңешчиси класстык чини бар.