Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүм башчысынын орун басары

АЛИЕВ Айбек Мукашович

1975-жылы 6-октябрда Нарын облусунун Нарын шаарында туулган.

Билими жогорку. 1998-ж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, «Маркетингдик башкаруу» адистиги

Эмгек ишмердиги:

1998-2000-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын облустук башкармалыгы, акча жана көзөмөл бөлүмүнүн жасалма акча жасоочулук боюнча адис-эксперти

2000-2001-жж. – Нарын облустук «Саламаттык» борбору, статист

2001-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Нарын облустук финансы башкармалыгы, башкы адис

2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Мамлекеттик башкаруу чыгашалары саясаты мамлекеттик башкармалыгынын мамлекеттик секторду реформалоо бөлүмүнүн башкы адиси

2007-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын штаттык санды жана эмгек акыны талдоо бөлүмүнүн башкы адиси

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Мамлекеттик тармакты пландаштыруу башкармалыгынын штаттык санды жана эмгек акыны талдоо бөлүмүнүн башкы адиси

2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Мамлекеттик тармактын чыгашаларын пландаштыруу башкармалыгынын штаттык санды жана эмгек акыны талдоо бөлүм башчысынын орун басары

2013-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Мамлекеттик тармактын чыгашаларын пландаштыруу башкармалыгынын штаттык санды жана эмгек акыны талдоо секторунун башчысы

2013-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Мамлекеттик тармактын чыгашаларын пландаштыруу башкармалыгынын штаттык санды жана эмгек акыны талдоо бөлүмү, башкы адис

2018-ж. майынан тарта  – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, мамлекеттик кызмат бөлүмү, эксперт

2018-ж. августунан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмү, эксперт

2018-жылдын ноябрынан бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүм башчысынын орун басары

Кошумча маалымат:

III класстагы мамлекеттик жарандык кызмат инспектору.