МУРАТАЛИЕВ Марат Молдонович

МУРАТАЛИЕВ Марат Молдонович

1967-жылы 23-июнда Талас шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку. 1989-ж. — Фрунзе кооператив техникумун аң-терилер факультетин “даярдоочу” адистиги боюнча аяктаган; 2013-ж. — Талас техникалык институтунда “экономика жана ишкананы башкаруу” адистигин  аяктаган;

Учурда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде инженер-курулушчу адистиги боюнча окуп жатат.

Эмгек жолу:

1989-1992-жж. — Чүйдөгү даярдоочу конторада даярдоочу;

1992-2007-жж. — Кара-Буура районунда жеке ишкер;

2007-2015-жж. — Талас шаарындагы “Курулуш-Арсенал БМ” курулуш компаниясынын директору;

2009-2012-жж.  — Кара-Буура районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты;

2012-жылдан тарта Талас облусунун Бокс федерациясынын президенти;

2016-2017-жж. — Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси;

2017-жылдын 4-декабрынан тарта өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү жана Талас шаардык кеңештин депутаты болгон.