Курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүм башчысынын орун басары

УЗАКОВ АЗАТ САПАРБАЕВИЧ

1986-жылы 9-декабрда Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку. 2009-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университенин маалыматтык технологиялар, байланыш жана коммутация тутумдары факультетин «инженер» адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо институтунун магистратурасын «мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

 Эмгек ишмердүүлүгү:

2002-2003-жж. – «Сорос-Кыргызстан» Фонду, тренер

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, алдынкы адис

2010-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги,  регионалдык колдоо бөлүмүнүн адиси, аналитик

2014-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тутумундагы кызматы сакталып командировкаланган

03.2015-09.2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги, алдынкы адис

2015-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмү, эксперт

2019-жылдын 28-январынан азыркы кезге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.