Санариптик трансформациялоо секторунун башчысы

МОМБЕКОВ Бактылуу Аскар уулу

1991-жылы 6-мартта туулган.

Билими жогорку. 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча, 2014-жылы К.Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын магистратурасын «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү

01.2013-06.2013-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, стажер

2013-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Инспекциялоо башкармалыгы, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди инспекциялоо бөлүмү, мөөнөттүү эмгек келишими боюнча кызматкер

2014-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Инспекциялоо башкармалыгы, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди инспекциялоо бөлүмү, инспектор

2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Инспекциялоо башкармалыгы, айрым чечимдердин экспертизасы бөлүмү, алдынкы инспектор

08.2016-09.2018-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борбору, эксперт

2018-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмү, эксперт

02.2019-ж. тартып – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмү, санариптик трансформациялоо секторунун башчысы.