КРнын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – КРнын Өкмөтүнүн КРнын Жогорку Кенешиндеги туруктуу өкүлү

SAG_0895s

Темирбаев Ашырбек Мойдунович

1952-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Билими жогору. 1975-жылы кен инженери адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтту, 1990-жылы Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти, 1997-жылы юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүткөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1973-1973-жж. - Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасы, өткөөлчүнүн жардамчысы

1974-1974-жж. - Кемеров облусундагы Дзержинский атындагы шахта, өткөөлчүнүн окуучусу

1975-1980-жж. - “Таш-Көмүр” шахта башкармасы, өткөөлчү, кен мастери, участоктун начальнигинин орун басары

1980-1980-жж. - Таш-Көмүр” шахта башкармасынын комсомол комитетинин секретары

1980-1984-жж. - Кыргазстан КПнын Таш-Көмүр шааркому, өнөр жай бөлүмүнүн башчысы

1984-1987-жж. - Кыргызстан Компартиясынын БК, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору

1987-1987-жж. – Кыргызстан Компартиясынын БК, уюштуруу бөлүмүнүн инспектору

1987-1991-жж. - Кыргызстан Компартиясынын БК экинчи секретарынын жардамчысы

1991-1991-жж. - Кыргызстан КПнын Таш-көмүр шааркомунун биринчи секретары

1991-1991-жж. - Таш-Көмүр шаар кеңеши, төраганын орун басары

1991-1993-жж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети, Төраганын жардамчысы

1993-1995-жж. - КР Жогорку Кеңешинин Президиуму, Аппарат жетекчиси

1995-1996-жж. - КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси

1996-2005-жж. - КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Аппарат жетекчиси

2005-2008-жж. - КР Жогорку Кеңеши, Аппарат жетекчиси

2009-2009-жж. - КР Өкмөтүнүн Аппараты, Жетекчинин орун басары

2009-2011-жж. - КР Өкмөтүнүн КР ЖКдагы Өкүлчүлүгү, Өкүлдүн орун басары

2011-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Иш башкаруучу

07.09.2012-ж. - КР Өкмөтүнүн КР Жогорку Кеңешиндеги Туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангында

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Сыйлыктары: «Манас-1000» юбилейлик медалы, «Даңк» медалы, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы.