Исаев Санжарбек Эркинович

SAG_8767ИСАЕВ Санжарбек Эркинович 

1969-жылдын 19-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак районунда туулган.

Билими жогорку. 1994-жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунун клиникалык ординатурасын «ички оорулар» адистиги боюнча аяктаган, 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган, «врач-терапевт» адистиги боюнча жогорку медициналык билимге ээ.

Эмгек жолу:

1994 — 1996-жж. — Улуттук кардиология жана терапия борбору, врач-кардиолог

1996 — 1998-жж. — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин борбордук профсоюздук комитети, төрага орун басары

1998 — 2000-жж. — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, санаторий-профилакторийдин башкы врачы

2000 — 2004-жж. — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, физиотерапия жана салттуу медицина кафедрасынын ассистенти

2004 — 2006-жж. — «СитиХоуп Интернешнл» америкалык кайрымдуулук корпорациясы, АКШ Мамдепартаментинин гуманитардык дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды жеткирүү боюнча медициналык программасынын директору

2006 — 2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, эл аралык кызматташтык жана реформаларды кийрүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси

2007 – 2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык өнүктүрүү бөлүмү, эксперт

2009 — 2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмү, эксперт

05 – 12.2010-ж. — Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык саясат бөлүмү, эксперт

2011 – 2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмү, эксперт

02 -10.2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, саламаттык сактоо сектору, башчы

2012 — 2015-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, эксперт

06 — 11.2015 гг. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, башкы эксперт

2015 – 2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, башчынын орун басары

2016-жылдын май айынан тарта — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык өнүктүрүү бөлүмү, башчынын орун басары

Кошумча маалыматтар:

Медицина илимдеринин кандидаты

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси