Бакиров Жетиген Жокинович

SAG_2140s

БАКИРОВ Жетиген Жокинович

Нарын облусунун Ак-Кудук айылында 1963-жылдын 13-декабрында туулган.

1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетин «математика окутуучусу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1985-1994-жж. — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту, улук инженер, кичи илимий кызматкер

1994-1995-жж. — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математикалык моделдештирүү илимий-иликтөө борбору, илимий кызматкер, улук илимий кызматкер

1995 -1996-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитети, башкы адис

1996-1997-жж. — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, башкы адис, бөлүм начальниги

1997-2001-жж. — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бөлүм начальниги, макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальнигинин орун басары, өнүктүрүү программалары башкармалыгынын начальниги

2001-2004-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, экономикалык саясат бөлүмү, Комплекстүү өнүктүрүү негизи боюнча Катчылыктын эксперти

2004 -2005-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, экономикалык саясат бөлүмү, Комплекстүү өнүктүрүү негизи боюнча Катчылыктын башчысынын орун басары – башчысы

2005-2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, стратегиялык өнүктүрүү сектору, башчы

03.2007-07.2007-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы-экономикалык башкармалык начальнигинин орун басары — экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

07.2007-11.2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмү, башчы

2007-2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмү, уюштуруу жана контролдук иштер сектору, сектор башчысы

04.2009 -10.2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары

10.2009-04.2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын жетекчисинин орун басары-жетекчиси

12.2010-01.2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, аймактык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү, башчы

10.2012-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу сектору, сектор башчысы

2016-жылдын сентябрь айынан тарта — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары

Кошумча маалымат:

Финансы-экономикалык кызматтын отличниги, мамлекеттик кызматтын отличниги

Физика-математикалык илимдердин кандидаты

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.