КР вице-премьер-министри

ФОТО_222sa ЗИЛАЛИЕВ ДУЙШЕНБЕК ТЕКШЕРБЕКОВИЧ                        

Туулган куну: 1973-жылдын 16-июлу.

Туулган жери: Жалал-Абад областына караштуу Кара-Көл шаары.

Билген тилдери: кыргыз, орус, түрк жана анлгис тилдери.

Билими:

1991ж.  СССР Ички иштер министрлигинин Караганда жогорку мектеби,

01.10.1991 ж. – 09.1992 ж.- Курсант, Бишкектеги ИИМ жогорку мектеби.

1995г.- Адистиги боюнча “юрист” Түркия Республикасынын Ички иштер Анкара ИИМ академиясын бүтүргөн. Юридикалык илимдердин кандидаты.

Кесиптик тажрыйбасы:

2016-жылдын 29-июнунан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энеретика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

07.2013 ж. – 29.06.2016 ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору;

12.2011 ж. – 07.2013 ж. – Кыргыз Республикасынын коргоо кенешнин катчысынын орун басары;

04.2010 ж. – 12.2010 ж.- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде аппарат башчы;

12.2009 ж. – 04.2010 ж. –  Коопсузук жана укук коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешмесинин инспектору;

06.2005 ж.-10.2009 ж. –   Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча   уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн эксперти;

2005-жылдын январь-июнь айлары – Каракол шаарындагы 22-шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер;

2004-жылдын март-декабрь айлары –  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин аппаратынын Бишкек шаары боюнча  башчысы;

14.02.2003 ж. тартып –  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик  комитеттин Ош-Джалал-Абад-Баткен аймактык башкармалыгынын начальниги;

27.06.2002ж. – 14.02.2003ж. –   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  мүлктү башкаруу боюнча комитетинин инвестиция тартуу боюнча көзөмөл башчысы;

2000-жылдын августу – Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын илимий-катчысы, Бишкек шаары;

11.1999 ж.- 07.2000 ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын окутуучусу, Бишкек шаары;

09.1996 ж. – 10.1999 ж. – Адъюнкт, РФ  ИИМ Академиясынын адъюнктурасы, Москва ш.;

08.1995 ж. – 08.1996 ж. –  Октябрь районунун ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

03.10.1990ж.-02.09.1991ж. –  Электрик, ААК “НГЭС” өнөр жай жана жарандык курулуш куруу башкармалыгы, Кара-Көл ш..

Кошумча маалымат:

Чин:  Мамлекеттик кызмат боюнча 3-класстагы мамлекеттик кенешчиси

12 илимий басылмалардын автору.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(реалдуу сектор, инфраструктура жана региондук өнүктүрүү)

(Зилалиев Д.Т.)

Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү, жер реформасын, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, суу ресурстарын башкаруу чөйрөлөрүндөгү саясатты жүргүзүүнү, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Транспорт, автомобиль жана темир жолдорун оңдоо жана күтүү, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелерин координациялайт.

Өнер жай, мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты, отун-энергетикалык комплекси маселелерин координациялайт.

Мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин:

үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун иштерин, эркин экономикалык аймактардын иштөө маселелерин координациялайт.

Жер казынасын жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.

Региондук өнүктүрүү, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.

Республиканын административдик-аймактык түзүлүш тутумун реформалоо, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иши, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу бөлүгүндөгү иштер боюнча маселелерди координациялайт.

Трансчекаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.

Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук
берет.

Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер- министри тарабынан дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(реалдуу сектор, инфраструктура жана региондук өнүктүрүү)

(Зилалиев Д.Т.)

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, . энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтөнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкметуне караштуу Жергиликтүү ез алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери бөлүгүндө);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;

жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттик үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун.