ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

Разаков Жеңиш Парпиевич

Разаков Жеңиш Парпиевич 1967-жылдын 19-мартында Ош областынын Кызыл-Кыя шаарында туулган.

Билими жогорку. 1990-жылы маршал Д.Ф.Устинов атындагы механикалык институттун колдонмо механика жана автоматика факультетин аяктаган. 1997-жылы КР ИИМ Республикалык окуу борборун аяктаган. 2002-жылы КММУ юридикалык факультетин (сырттан окуу бөлүмү) аяктаган.

Эмгек жолу:

Эмгек жолун Кызыл-Кыя шаарындагы «Алай» машина куруу заводунда мастер болуп иштөөдөн баштаган. Аталган заводдун өндүрүш цехинин начальнигинин орун басары, начальниги кызматын аркалаган.

1996-жылдан тарта – ички иштер органдарынын кызматкери.

2000-жылы Баткен райондук ички иштер органынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү болуп дайындалган. Андан соң ИИБ коомдук түзүлүштөр менен байланышуу бөлүмүнүн, ИИБ Тогузунчу бөлүмүнүн, ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары болгон.

2011-жылдын 15-апрелинен 2012-жылдын 1-февралына дейре Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги.

2012-жылдын 1-февралында  – Баткен облусунун мамлекеттик администрация жетекчисинин – губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

С 2012-жылдан 2016-жылга чейин — КР Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү

2016-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

2017-жылдын август айынан тартып октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

2017-жылдын 26-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.

кошумча маалымат:

Милициянын полковниги .