Разаков Жеңиш Парпиевич

Разаков Жеңиш Парпиевич
Разаков Жеңиш Парпиевич 1967-жылдын 19-мартында Ош областынын Кызыл-Кыя шаарында туулган.
Билими жогорку. 1990-жылы маршал Д.Ф.Устинов атындагы механикалык институттун колдонмо механика жана автоматика факультетин аяктаган. 1997-жылы КР ИИМ Республикалык окуу борборун аяктаган. 2002-жылы КММУ юридикалык факультетин (сырттан окуу бөлүмү) аяктаган.
Эмгек жолу:
Эмгек жолун Кызыл-Кыя шаарындагы «Алай» машина куруу заводунда мастер болуп иштөөдөн баштаган. Аталган заводдун өндүрүш цехинин начальнигинин орун басары, начальниги кызматын аркалаган.
1996-жылдан тарта – ички иштер органдарынын кызматкери.
2000-жылы Баткен райондук ички иштер органынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү болуп дайындалган. Андан соң ИИБ коомдук түзүлүштөр менен байланышуу бөлүмүнүн, ИИБ Тогузунчу бөлүмүнүн, ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары болгон.
2011-жылдын 15-апрелинен 2012-жылдын 1-февралына дейре Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги.
2012-жылдын 1-февралында  – Баткен облусунун мамлекеттик администрация жетекчисинин – губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
С 2012-жылдан 2016-жылга чейин — КР Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү
2016-жылдын июнь айынан тарта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.
кошумча маалымат:
Милициянын полковниги .


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Коргоо, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялайт.

Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешени
мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча иштерди координациялайт.

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарын жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды
мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча
иштерди координациялайт.

Кызматтык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын иштерин координациялайт.

Жазаларды аткаруу тутумунун маселелерин координациялайт.

Калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруучу жана коргоочу Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын иштерин
координациялайт.

Чек аралык контролдоо, мамлекеттик чек ара режимин бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуу маселелерин
координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек аралык аймактарды өнүктүрүү маселелерин координациялайт.

Чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү,
мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарды сактоону жана Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл
аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди
аткарууну камсыз кылат.

Мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин жана чек аралык аймактарды өнүктүрүүнү координациялайт.

Диний экстремизмге каршы аракеттенүү, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына,
укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн
негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян же коркунуч келтирген диний уюмдардын
иштерине бөгөт коюу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын эриш-аркак
иштөөсүн камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.

Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын.