САРИЕВА Эльвира Кубанычбековна

sarieva_elviraВице-премьер-министр

САРИЕВА Эльвира Кубанычбековна

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ново-Вознесеновка айылында 1975-жылдын 27-августунда туулган.

1998-жылы Бишкек Гуманитардык университетин, 2000-жылы British Broadcasting Corporation (Маалымдоо мектеби), 2002-жылы КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясын, 2012-жылы Кыргыз Республикасына Өкмөтүнө караштуу Юридикалык Академиясын аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1998 –2002   КР “Internews Network” өкүлчүлүк редактору, өкүлчүлүк директорунун орун басары

2002 –2007    «Интерньюс» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору

2007 –2009  Кавказ, Афганистан жана Борбор Азия боюнча координатор, Борбордук-Евроазиялык лидерлик академиясы (CELA), уюштуруу жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча консультант

2010 –2012 КР Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу Кеңешинин төрагасы

2010 — 2014   «ЦЕХ» лофтунун башкаруучусу

2012 “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду, «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитетинин жетекчиси

2012 — 2014  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Бишкек шаарынын стратегиясы боюнча комиссия төрагасы

2014-жылдын 4-апрелинен баштап вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Басма-сөз жана телерадиоберүү; маалыматтык саясат; социалдык саясат; социалдык кепилдиктер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумдары; пенсиялык камсыздоо; миграция; эмгек, ишке орноштуруу; үй-бүлө, балдар, жаштар; санитардык көзөмөл; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат; этностук өнүктүрүү; гендерлик саясат; маданиятты өнүктүрүү; 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо; жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча иштер маселелерин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, “Кыргызстан элдеринин ассамблеясы” коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.

Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;

“Слово Кыргызстана” басма үйүнүн;

“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн;

“Эркин Too” гезитинин;

Кыргыз Республикасынын “Коомдук телекөрсөтүү – ЭлТР” телерадиоберүү компаниясынын.