Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр

SAB_9495s

Мукамбетов Мурат Картайбекович 

1971-жылдын 3-апрелинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Билими жогорку. 1993-жылы Кыргыз Архитектура жана курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

 1993-1994-жж. – «Арка-Бел», ЖЧК мастер

1994-1995-жж. – «ОМА-94» Кыргыз-Япон окуу борбору, менеджер

1995-1998-жж. – Кыргыз-Япон «ОМА Корпорациясы», Инженер

1998-1999-жж. – Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлиги, алдыңкы адис

1999-2002-жж. – Чүй облусунун мамадминистрациясы, башкы адис, социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги

2002-ж. – Бишкек шаарынын Свердлов райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациясы, жетекчинин биринчи орун басары

2002-2003-жж. – Бишкек шаарынын Ленин райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациясы, жетекчинин биринчи орун басары

2003-ж. – КР Премьер-министринин Аппараты, мамкызмат, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башкармалыгы, эксперт

2003-2004-жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, мамкызмат, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башкармалыгы, уюштуруу иштери боюнча инспектор

2004-ж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, мамкызмат, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган башкармалыгы, мамкызмат, кадрлар жана административдик реформалар башкармалыгы, кадрлар сектору, башчы

2004-ж. – КР Премьер-министринин Аппараты, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгы, кадрлар сектору, башчы

2004-2005-жж. – КР Премьер-министринин Аппараты, экономика, өнөр-жай жана соода башкармалыгы, инвестициялык саясат жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү сектору, башчы

2005-ж. – Премьер-министрдин Аппараты, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгы, уюштуруу иштери боюнча инспектор

2005-ж. – Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик, директордун орун басары

2005-2006-жж. – Мамлекеттик кызмат жана аймактык өнүктүрүү башкармалыгы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бөлүм, бөлүм башчы

2006-ж. – Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясы, акимдин м.а. – аким

01.2008-2009-жж. – КР Өкмөтүнүн Аппараты, Аппарат Жетекчисинин орун басары

01.2009-2010-жж. – Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы, жетекчинин орун басары

05.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты, мамлекеттик кызмат жана административдик реформалар бөлүмү, бөлүм башчы

08.2010-12.2010-жж. – Президенттин Администрациясы, мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмү, бөлүм башчы

12.2010-01.2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты,  КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары

01.2012-09.2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

09.2012 -10.2012-жж – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты,  КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

10.2012-11.2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын 12-апрелине КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары

2018-жылдын 13-апрелинен тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.