Финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы

photo_2018-05-16_18-11-32КЫЛЖЫЕВ Самат Аскербекович

1974-жылы 16-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылында туулган.

Билими жогорку.  1991-1996-жж. – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, экономика жана менеджмент факультети, адистиги «экономист»

Эмгек жолу:

1996-1997-жж. – Бишкек шаардык Биринчи май району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясы, жеке жактар боюнча тышкы салыктык көзөмөл бөлүмү, мамлекеттик салык инспектору;

1997-1998-жж. – Бишкек шаарынын Биринчи май районун жакшыртуу боюнча Инспекциясы, инспектор;

1998-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономикалык жана социалдык реформалар борбору, финансы-кредиттик системаны өнүктүрүү бөлүмү, башкы адис;

1998-2000-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономикалык жана социалдык реформалар борбору, финансы-кредиттик системаны өнүктүрүү бөлүмү, бөлүмдүн начальнигинин орун басары;

2000-2002-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, башкы бюджеттик башкармалыктын бюджеттик саясатын талдоо жана чыгашалар бөлүмү, башкы адис;

2002-2003-жж. –Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясат башкармалыгынын бюджетти орто мөөнөттүү божомолдоо бөлүмү, башкы адис;

2003-2004-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясат башкармалыгынын бюджетти орто мөөнөттүү божомолдоо бөлүмү, бөлүм башчы;

2004-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясат башкармалыгынын өнүктүрүү бюджетин түзүү бөлүмү, бөлүм башчы;

2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, мамлекеттик башкаруу чыгашалар саясаты башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;

2007-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясат башкы башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар, бюджеттик кызмат борбордук агенттиги, эксперт;

2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясат башкы башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, министрдин орун басары;

2011-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана кредит саясаты бөлүмү, бөлүм башчысы;

2013-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, аналитика бөлүмүнүн башчысы;

2014-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Аппарат жетекчиси;

2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, төраганын кеңешчиси;

2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги, өнүктүрүү боюнча консультант;

2018-жылдын майынан бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана кредит саясаты бөлүмү, бөлүм башчы.

Кошумча маалымат:

2-класстагы Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасы
Финансы-экономика иштеринин отличниги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ардак грамотасы