СУПАНАЛИЕВ Бекжан Торобаевич

Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

СУПАНАЛИЕВ БЕКЖАН ТӨРӨБАЕВИЧ
1977-жылы 11-июлунда. Кыргыз ССРи, Чүй областы, Токмок шаары.

ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

02.08.2000 – 08.12.2000 – жылдары – Бишкек шаарына караштуу “Жаштык” республикалык жаштар борборунун директорунун орун басары.

15.01.2001 – 04.05.2004 – жылдары – КРнын Президентинин Администрациясы, КРнын Президентинин Пресс-кызматы, референт.

04.05.2004 – 31.12.2010 – жылдары Кыргыз Республикасындагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттиги:
- Түндүк регионалдык өкүлчүлүгүнүн (Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл областары) социалдык мобилизациялоо жана потенциалын өнүктүрүү боюнча айыл инвестициясынын долбоорлорунун координатору (Дүйнөлүк банктын долбоору);
- Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктураларынын Операциялык жетекчилигин даярдоо боюнча Консультанты (Дүйнөлүк банктын долбоору);
- Экинчи айылдык суу менен камсыз кылуу жана санитария долбоорунун Операциялык жетекчилигин даярдоо боюнча Консультанты (Дүйнөлүк банктын долбоору);
- Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструтураларын долбоорунун Координатору (Дүйнөлүк банктын долбоору);

03.01.2011 – 15.01.2012 – жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын регионалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүм башчысынын Орун басары.

15.01.2012 – 10.10.2014 – жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнө караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу секторунун Эксперти.

10.10.2014 – 10.10.2015 – жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регионалдык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн Эксперти.
01.10.2015 – 05.04.2016 – жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнүн Инспектору.

05.04.2016 – 23.01.2017 жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт Бөлүмүнүн башчысы.

БИЛИМИ:
1995-2000 – жылдары Бишкек гуманитардык университетинин Башкаруу жана социология факультети, “политология” бөлүмү. Артыкчылык диплому. Мыкты окугандыгы үчүн Президенттик “Үмүт” стипендиясына татыктуу болгон.

1998-2001 – жылдары БГУнын үзгүлтүксүз билим берүү институту, Экономика жана бизнес факультети, «дүйнөлүк экономика» адистиги.

2000-2003 – жылдары БГУнун “политология” адистиги боюнча күндүзгү бөлүмүнүн аспирантурасы

2012-2014 – жылдары Мэйдзи университети, Мамлекеттик башкаруу Магистри (Япония, Токио шаары).