Канцелярия башчысынын орун басары

ГАЛЮТИН Александр Алексеевич

1956-жылдын 25-августунда Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында туулган.

1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин орус тили жана адибияты мугалими адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1979-1980-жж. —  Фрунзе шаарындагы №16 орто мектептин мугалими.

1980-1985-жж. —  Фрунзе педагогикалык орус тили жана адабияты институтунун  улук лаборанты, фонетикалык лабораториянын жетекчиси.

1985-1991-жж. — Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин иш башкармалыгынын жалпы бөлүмүнүн референти, улук референти.

1991-1993-жж. — Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин иш башкармалыгынын мамлекеттик протокол жана актылар канцеляриясынын басылмасы секторунун референти.

1993-1999-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, Премьер-министрдин Аппаратынын жалпы бөлүмүнүн протокол секторунун жетекчиси.

1999-жыл — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын иш кагаздарын жүргүзүү жана көзөмөл бөлүмүнүн протокол секторунун жетекчиси.

1999-2000-жж. — КР Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик протокол жана көзөмөл секторунун башчысы.

2000-2001-жж. — КР Премьер-министринин Аппаратынын документтештирүүнү камсыз кылууну башкаруу бөлүмүнүн башчысы.

2001-жыл январь-май айлары – КР Премьер-министринин Аппаратынын документтештирүүнү камсыз кылууну башкаруу жана көзөмөлдөө протоколу секторунун жетекчиси.  

2001-2004-жж. — КР Премьер-министринин Аппаратынын документтештирүүнү камсыз кылууну башкаруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы.

2004-2005-жж. — КР Премьер-министринин Аппаратынын документтештирүүнү камсыз кылууну башкаруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси – протокол секторунун башчысы .

2005-2007-жж. — КР Премьер-министринин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын документтер менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары.

2007-2009-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын документтер менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

2009-2010-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүк чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы.

04.2010-12. 2010-жж. — КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР Президенттик Администрациясынын документтер менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

01.2011-09.2011-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын документтер менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

09. 2011 — 01.2012-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын документтер менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси.

01.2012 — 09.2012-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

09.2012 — 05.2015-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

05.2015 — 05.2016-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын иш кагаздарын жүргүзүү жана жыйындарды уюштурууну камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

05.2016 — 11.2017-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

11.2017-жыл. — учурда – КР Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, канцелярия башчысынын орун басары