Искандаров Курбанбай Алибаевич

SAG_0603sӨкмөттүн чекараларды делимитациялоо маселеси боюнча атайы өкүлү

Искандаров Курбанбай Алибаевич 1951-жылы Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында туулган. 1977-жылы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. “II класстагы кеңешчи” дипломатиялык рангына ээ.

Эмгек ишмердүүлүгү:

[1970 – 1972] — айдоочу Лейлек районундагы Исфана айылдык СЭС
[1972 – 1977] — студент Кыргыз айыл чарба институту
[1977 – 1978] — улук инженер Лейлек «ГКСХТ» ишканасы
[1978 – 1980] — Исфана айылындагы «ГКСХТ» ишкана начальниги
[1980 – 1983] — улук инженер «ГКСХТ»,Кулунду райбөлүмү
[1983 – 1984] —башкы инженер-инспектор Лейлек айыл чарба башкармалыгы
[1984 - 1991] — улук инженер, Сокулук районундагы Киров атындагы совхоз директору
[1991 – 1993] — КР Айыл чарба министрлигинин “Башкы мамлекеттик айылчарбакөзөмөл” начальниги
[1993 – 1995] — референт, КР Президентинин Администрациясынын Иш башкармалык бөлүмүнүн башчысы
[1995- 1997] — Ош облусунун Айыл чарба жана азык-түлүк департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары
[1998 – 2000] — Кант дүң-соода базасынын директору
[2001 – 2002] — КР Премьер-министринин Аппаратынын эксперти, сектор башчысы
[2002 - 2006] –командировкаланган жоопкер кызматкер, КР Премьер-министринин Аппаратынын аймактык көйгөйлөр бөлүмү
[2006-2009] — КР Премьер-министринин Аппаратынын аймактык көйгөйлөр бөлүмүнүн эксперти
[2009] — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн аймактык көйгөйлөр секторунун эксперти
[2010] — эксперт, чекараларды делимитациялоо маселеси боюнча бөлүм башчысы КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты, КР Президенттик Администрациясы
[12.2010 – 09.2012] — КР Өкмөтүнүн Аппаратынын чекараларды делимитациялоо жана чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүм башчысы
[09.2012-ж. азыркы учурга дейре]- Өкмөттүн чекараларды делимитациялоо маселеси боюнча атайы өкүлү.