Муратов Абдиманнап Аттокурович

SAG_0597sМуратов Абдиманнап Аттокурович 1961-жылы Ош областынын Мады айылында туулган. Билими жогорку. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун “педиатрия” адистиги боюнча аяктаган. Медицина илимдеринин доктору, профессор. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эмгек жолу:

1983-1984 жж. – Фрунзе шаардык №3-БКОсы, медбрат;

1984-1986 жж. – СССРдин МИАнын педиатрия илим-изилдөө Институту (Москва), клиникалык ординатура;

1986-1989 жж. – СССРдин МИАнын педиатрия илим-изилдөө Институту (Москва), аспирантура;

1989-1993 жж. - КММИнин педиатрия кафедрасы, ассистент;

1993-1995 жж. - Иран Ислам Республикасы, дарыгер;

1995-1999 жж. - КММИнын педиатрия кафедрасы, доцент;

1999-2002 жж. - КММА, докторант;

2002-2006 жж.- КММАнын педиатрия кафедрасы, профессор.

2006-2007 жж. – КРнын Президентинин Администрациясына (КРПА) караштуу аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүгүү боюнча катчылыктын эксперти;

2007-2009 жж. - КРПА экономика жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти;

2009.02-2009.08 – КРПА социалдык саясат секторунун башчысы;

2009.08-2009.12 – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;

2010.08-2010.12 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (КРӨА) социалдык саясат секторунун башчысы;

2010.12-2012.01 – КРӨАнын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграции бөлүмүнүн башчысы;

2012.01-2012.10 – КРӨАнын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

11.10.12 ж. – бүгүнкү күнгө чейин – КР Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.