АБЫШЕВ Кылычбек Асаналиевич

SAG_8747АБЫШЕВ Кылычбек Асаналиевич

 Билими жогорку, 2000 жылы ЖОЖдун юридикалык факультетин аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Магистратура жана аспирантура борборун бүтүрүп, жарандык укук адистигине ээ болгон.

Укуктун Магистри. Кыргыз Республикасынын Юстициясынын мыкты кызматкери.

 Класстык чени – Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеңешчиси.

Сыйлыктары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 70 жыл» юбилейлик медалы, Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын «Ардак белгиси» менен сыйланган.

 ЭМГЕК ЖОЛУ

2000-2001 ж.ж. Бишкек шаарынын Мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуучу автокомбинатынын юрисконсультанты

2002 ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын жардамчысы

2002-2005 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, консультанты, андан кийин улук консультанты

2005-2008 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча Комитетинин бөлүмүнүн башчысынын орун басары

02-09. 2008 ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Юридикалык бөлүмүнүн башчысы

2008-2009 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Юридикалык башкармалыгынын башчысынын орун басары – мыйзам долбоорлорун экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы

2009-2010 ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Юридикалык башкармалыгынын Сот-укук маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы

2010 ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасынын орун басарынын кенешчиси

2011 ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттык фракциясынын бөлүмүнүн башчысы

03.01. 2011 ж. – азыркы күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешиндеги Туруктуу өкүлүнүн орун басары.