МОЙДИНОВ Исламбек Жанышович

SAG_8753

МОЙДИНОВ Исламбек Жанышович

Билими жогорку, 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык факультетин аяктаган, ошондой эле 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын «Менеджмент» багыты боюнча “Мамлекеттик башкаруу” адистиги боюнча магистрлик программаны аяктаган.

Класстык чини – 3-класстагы Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси

Сыйлыгы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы.

Эмгек ишмердүүлүгү

 2003-ж. Адвокаттын жардамчысы

2006 – 2007-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамагенттигинин юридикалык бөлүмүнүн адиси, каттоо, отчеттуулук жана баалуу кагаздар рыногун талдоо бөлүмүнүн адиси, андан соң юридикалык бөлүмдүн алдыңкы адиси

2007. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын юридикалык бөлүмүнүн алдыңкы адиси

2007 — 2009-жж. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын баалуу кагаздар рыногунун профессионалдык катышуучуларын көзөмөлдөө жана инвесторлордун укугун коргоо бөлүмүнүн алдыңкы адиси, башкы адиси

2009. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын методология, мониторинг жана камсыздоо компанияларын жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси

2010. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн эксперти

2011. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам долбоорлору ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча топтун эксперти

2012. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  өкүлчүлүгүнүн эксперти

2014-жылдын январь айынан тарта азыркы учурга дейре Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  туруктуу өкүлүнүн орун басары