ДЖАМАНКУЛОВ Марат Тургунбаевич

photo_2018-10-31_16-36-17Джаманкулов Марат Тургунбаевич 

1979-жылы 4-июнда Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку.

2001-жылы “Юриспруденция” адистиги боюнча Кыргыз-Орус славян университетин бүтүргөн. 2014-жылы “Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде адам ресурстарын башкаруу” адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2001-2002-жж. – Юстиция министрлигинин мыйзамдарды даярдоо жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун экспертизасы боюнча башкармалыктын эмгек келишими боюнча адиси, жетектөөчү адис;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борбордун – Башкы башкармалыгынын башкы адиси;

2002-2005-жж. – бөлүмдүн начальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумун  реформалоо жана өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы;

2005-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумун реформалоо башкармалыгынын башчысы;

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкы башкармалыгынын башчысы;

02.2010-04.2010-ж. – Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Кыргыз Республикасынын борбордук агенттигинин эксперттик кызматынын эксперти;

09.2010-12.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын укуктук камсыздоо  жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;

12.2010-2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

2012-2014-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

04.2014-05.2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын   укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

05.2015-10.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

11.2016-07.2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын кеңешчиси;

07.2017-09.2018-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын Аппарат жетекчиси.

09.2018-ж. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри

Кошумча маалымат:

Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.