Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы

SAG_9481ИМАНАЛИЕВ Данияр Шаршенбекович

1980-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «ишканалардын экономикасы» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2004-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Инновация» мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору,  инновацияларды ишке киргизүү жана инновациялык технологияларды мониторингдөө бөлүмү, 1-категориядагы адис

2004-2006-жж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар иши боюнча комитети, координатор

2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясатты башкаруунун орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмү, башкы адис

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, саясатты иштеп чыгуу тобунун бюджеттик маселелер боюнча эксперти

2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Тышкы байланыштар башкармалыгы, фискалдык тобокелдиктерди башкаруу сектору, сектор башчысы.

2009 –2010-жж. –Борбордук өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттиги, бюджеттик кызматы, эксперт

2012 –2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмү, эксперт.

2014-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, эксперт.

2014 –2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча сектору, сектор башчы.

2015-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министрдин орун басары.

2018-жылдын май айынан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, бөлүм башчы.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.