Милдеттерди бөлүштүрүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

2018-жылдын 1-февралы, №63

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице- премьер-министринин
жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, 1 -тиркемеге ылайык;

- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице- премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 9-январындагы № 6 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр                                                         С.Ж. Исаков

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

(Исаков С.Ж.)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ары – Өкмөт) баш ийген мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт.

Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт.

Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.

Мыйзамдуулуктун, жарандардын эркиндигинин жана укуктарынын сакталышын камсыз кылат.

Юстиция, тышкы саясатты ишке ашыруу маселелерин координациялайт, Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта Өкмөттүн атынан чыгат, мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт.

Мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, бюджеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жалпы координациялайт.

Коргонуу жөндөмүн чыңдоо, улуттук коопсуздук маселелерин координациялайт.

Коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялайт.

Диний экстремизмге каршы аракеттенүү, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян же коркунуч келтирген диний уюмдардын иштерине бөгөт коюу маселелерин координациялайт.

Кызматтык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын иштерин координациялайт.

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча иштерди координациялайт.

Жазаларды аткаруу системасынын маселелерин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо, кайтаруу жана сактоо, чек аралык контролдоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу маселелерин координациялайт.

Соттордо Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо маселелерин координациялайт.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.

Өкмөттүн Ардак грамотасы, энчилүү курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт, класстык чиндерди ыйгарат.

Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык финансы-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.

Мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.

2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

(Шадиев А.А.)

(Инвестицияларды тартуу, отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай, жер казынасын пайдалануу, туризм)

Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин координациялайт.

Тейлеген чөйрөлөрүндө өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин координациялайт.

Тейлеген чөйрөлөрүндө инвестицияларды тартуу маселелерин координациялайт.

Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялайт.

Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.

Транспорт жана коммуникациялар, архитектура, курулуш (инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү боюнча) маселелерин координациялайт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы маселелерин координациялайт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.

Мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун иштерин, эркин экономикалык аймактардын иштөө маселелерин координациялайт.

Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

(Муканбетов С.Т.)

(Финансы-экономикалык блок, Евразия экономикалык бирлиги)

Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Экономиканы өнүктүрүүнү талдоо, болжолдоо жана пландоо, тышкы экономикалык иш, өлкөнү өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу, техникалык жөнгө салуу, инвестициялык, финансылык, фискалдык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу, монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү, финансы рыногун, банктык секторду өнүктүрүү, климаттык каржылоо маселелерин координациялайт.

Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселелерин, салыктар, бажы, салыктык эмес төлөмдөр жана жыйымдар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча ишти, тейлеген чөйрөлөрүндөгү тармактык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну координациялайт.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелерин координациялайт.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууну координациялайт.

Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча иштерди координациялайт.

Лицензиялык-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды баалоо боюнча мониторинг, аналитикалык жана маалыматтык иштер, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин координациялайт.

Маалыматтык технологиялар, байланыш жана электрондук башкаруу маселелерин координациялайт.

Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу маселелерин координациялайт.

Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы,  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери, Евразия экономикалык комиссиясы, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер, Экономикалык кызматташтык уюму, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташууну камсыз кылат.

Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

(Султанбекова Ч.А.)

(Социалдык блок)

Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер, миграция, эмгек, ишке орноштуруу, үй-бүлө, балдар, жаштар, санитардык көзөмөл, билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат, этностук өнүктүрүү, гендердик саясат, маданиятты өнүктүрүү, басма сөз жана телерадиоберүү, маалыматтык саясат, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо көрсөтүү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иштери боюнча маселелерди координациялайт.

Этностор аралык мамилелер, интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо маселелерин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, “Кыргызстан элинин Ассамблеясы” коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен Өкмөттүн эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.

Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

(Кенекеев Д.А.)

(Чек аралык маселелер, региондук өнүктүрүү, агроөнөр жай комплекси, суу ресурстары)

Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек аралык аймактарды өнүктүрүү маселелерин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылат.

Мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин жана чек аралык аймактарды өнүктүрүүнү координациялайт.

Трансчекаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.

Калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.

Региондук өнүктүрүү маселелерин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

Администрациялык-аймактык реформалоо маселелерин координациялайт.

Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жер реформасы, суу ресурстарын башкаруу, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.

Транспорт, автомобиль жана темир жолдорун оңдоо жана күтүү, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелерин координациялайт.

Архитектура жана курулуш, инфраструктураны өнүктүрүү жана турак жай-коммуналдык чарба маселелерин координациялайт.

Улуттук коопсуздук, коргонуу жөндөмүн чыңдоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо жана кайтаруу, укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, диний экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө, жазаларды аткаруу системасында иштеген мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.

Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.

Тейлеген чөйрөлөрүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

2-тиркеме

 Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги