КУДАЙБЕРДИЕВА Гульмира Каримовна

1966-жылдын 23-сентябрында төрөлгөн.

Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

5.11.2015 жылдан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

04.05.2012 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы

12.03.-04.05.2012 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы

2010 – 2012 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти

2008 – 2010  – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги

2005 – 2008  -  Бишкек шаарынын Октябрь районун билим берүү борборунун директору

2000 – 2002 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, депутаттын жардамчысы

2002 – 2005 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары

2000 – Азия өнүктүрүү банкынын “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүү” долбоорунун жергиликтүү консультанты

1994 – 2000 – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти, жетектөөчү адис, башкы адис

1989 – 2004 – Республикалык медициналык окуу жайынын окутуучусу

1988 – 1989 – Фрунзе шаарынын №20-орто мектебинин мугалими