КУДАЙБЕРДИЕВА Гульмира Каримовна
1966-жылдын 23-сентябрында төрөлгөн.
Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1988 – 1989 – Фрунзе шаарынын №20-орто мектебинин мугалими
1989 – 2004 – Республикалык медициналык окуу жайынын окутуучусу
1994 – 2000 – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти, жетектөөчү адис, башкы адис
2000 – Азия өнүктүрүү банкынын “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүү” долбоорунун жергиликтүү консультанты
2000 – 2002 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, депутаттын жардамчысы
2002 – 2005 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары
2005 – 2008 - Бишкек шаарынын Октябрь районун билим берүү борборунун директору
2008 – 2010 – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги
2010 – 2012 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти
12.03.-04.05.2012 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы
04.05.2012 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы
2015 -2016 – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
12.2016 тартып Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.