КР КОРГОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

КЕНЖИСАРИЕВ Марат Сарымсакович

Генерал-майор.

1965-жылы 25-апрелде Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында туулган, кыргыз.

1987-жылы Минск шаарындагы жалпы аскерлердин жогорку аскердик-саясий окуу жайын бүтүргөн.

1996-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүрөт.

2008-жылы Россия Федерациясындагы Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын Аскердик академиясына караштуу жогорку академиялык курстарды аяктаган.

Мотоаткычтар ротасынын командиринин саясий бөлүм боюнча орун басары кызматынан баштап эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысына чейинки кызматтарын өткөн.

1997-жылдан 2000-жылга чейин кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Иш башкармалыгынын башчысы болгон.

2001-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-техникалык кызматташтык башкармалыгынын башчысы.

2007-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы.

2009-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары кызматын аткарган.

2010-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу «Кыргыз Курал» мамлекеттик ишканасынын Генералдык директорунун биринчи орун басары болуп иштеген.

 2014-жылдан 2015-жылга чейин Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматына дайындалган.

5.11.2015 жылдан КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы .

Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, саясий жана күжүрмөн даярдыктагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн биринчи жана экинчи даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалдары менен сыйланган.