Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасын өркүндөтүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

Бишкек шаары, 2016-жылдын 13-апрели № 439-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI токтомунун редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-июлундагы N 373 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтому;

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы N 402 “Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө” токтому

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөндөгүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 745-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдөн турат:

Кыргыз Республикасынын Премьер министринен;

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринен;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинен – министринен;

Кыргыз Республикасынын министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун үч айдын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” № 11-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары   Н.Алимбеков