ШАДИЕВ Аскарбек Алимбаевич
1969-жылы 31- январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Голбо айылында туулган.
Билими жогорку. 1988-жылы СССРдин 60 жылдыгы атындагы Фрунзе Политехникалык техникумун техник-механик адистигин артыкчылык менен, 1993-ж.- Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча; 1999-ж. Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча.
ЭМГЕК ЖОЛУ
09.1984 – 06.1988- ж.ж. СССРдин 60 жылдыгы атындагы Фрунзе Политехникалык техникуму, студент;
08.1988 – 07.1993 – ж.ж. Кыргыз мамлекеттик университети, студент;
08.1993 – 03.1994 – ж.ж. «Сфера» өндүрүш-коммерциялык фирмасында башкы бухгалтердин орун басары;
02 1995 – 07.1995 – жылы «Азнур ЛТД» ЖЧКнын коммерциялык директору;
07.1995 – 03.2000 – ж.ж. «Датка Корпорациясынын» ЖЧКнын вице-президенти;
04.2000 – 07.2002 – ж.ж Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин . II чакырылыштагы депутаты, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын жеке менчик, менчиктекештирүү жана лицензия берүү боюнча комитетинин төрагасы;
06.2002 – 10.2002 – жж. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
10.2002 – 11.2003 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы киреше Комитетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
11.2003 – 01.2005 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын Баткен областынын губернатору – Мамлекеттик администрация башчысы;
03.2005 – 10.2007 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылыштагы депутаты;
12.2007 – 04.2010 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы Комитетинин төрагасы;
12.2011 – 09.2012 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
10.2015 – 12.2017 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы Комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасы;
2017 – жылдын декабрь айынан баштап азыркы учурга чейин — Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты.
Кошумча маалымат:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси чининин ээси.
Дипломатиялык рангы – «Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси».