Калиев Марат Темирбекович

 1972-жылы 8-сентябрда Жалал-Абад шаарында туулган.

Билими жогорку, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүн аяктаган, медицина илимдеринин кандидаты, доцент.

Эмгек ишмердүүлүгү

1992-1995 Республикалык клиникалык ооруканасы, нейрохирургия бөлүмү, кенже медициналык персонал
1995-1997 И.К. Ахунбаев атындагы клиника, клиникалык ординатор.
1997-2008 Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, жалпы хирургия кафедрасы, аспирант, ассистент.
2008-2009 Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, чет өлкөлүк студенттер факультети, декан.
2009-2012 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, директордун биринчи орун басары, директор.
2012-2014 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, министрдин орун басары.
2015 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, вице-премьер-министрдин кеңешчиси.
2015 – азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, төрага.