Эргешова Айнура Рысбековна

Эргешова Айнура Рысбековна
1984-жылы 24-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрөлгөн. 2006-жылы ОшМУнун филология факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган. 2006-2011-жылдары Бишкек Гуманитардык Университетинин аспиранты. 6 илимий макаланын, 3 гезит-журналдык макаланын автору,
2015-жылдан тартып, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын сот бийлиги жана прокурордук көзөмөл факультетин магистранты.
Эмгек жолун 2004-жылы – «ЭлТР» КТРК маданий-музыкалык берүүлөрүнүн алып баруучусу катары баштаган.
2006-жылы “ЭлТР” КТРК редактор, жаңылыктар бөлүмүндө парламенттик кабарчы катары эмгектенген.
2006-2007-жылдары «Таңкы шоокум», «Талант сыры» теле программалардын алып баруучусу жана автору катары таанылган.
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Басма сөз кызматында жетектөөчү адис болуп иштеген.
2010-жылдын февраль айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматында улук консультант;
2015-жылдын февралынан тартып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматында эксперт;
2015-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматынын сектор башчысы болуп дайындалган.
2016-жылдын 21-апрелинен тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.
Кошумча маалыматтар:
2013-жылы – Ооган ардагерлер союзунун «Мээримдүүлүк” медалы менен сыйланган.
2014-жылы КР “Маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси.
2007-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы жана 2008-жылы “ЭлТР” коомдук теле радио компаниясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.
2013-жылы Туркиянын (Анкара шаары) Улуу Улуттук Межилисинде “Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө маалымат каражаттарынын ролу” аталышындагы стажировкадан өткөн.