Салиев Алмамбет Абдимиталипович

Коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Салиев Алмамбет Абдимиталипович
2000-жылдын август айынан баштап Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине өтүп, 2005-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп, “Юриспруденция” деген кесипке ээ болуп ийгиликтүү аяктап, Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетин сырттан окуп бүтүрүп, “Финансы жана кредит” кесибине ээ болгон. 2-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси.
2004-жылдын март айынан 2008-жылдын апрель айына чейин “Апель Фарм” ЖЧКда юрист болуп иштеген.
2008-жылдын июнь айынан 2009-жылдын март айына чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери.
2009-жылдын март айынан 2010-жылдын июль айына чейин Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башкы адиси.
2010-жылдын июль айынан 2011-жылдын январь айына чейин Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн сектор башчысы.
2011-жылдын январь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы.
2012-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы.
2014-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын апрель айына чейин бир убакта Ош юридикалык институтунда окутуучу.
2016-жылдын апрель айынан май айына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы.
2016-жылдын май айынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
Сыйлыктары: Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын, Ош облусунун профсоюзунун, ИИО, МУКК, ЭКККК Ардак грамоталары, КР Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, ИИМнин, ӨКМнин медалдары менен сыйланган.