Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

SAB_9823sМАМАТКАНОВ Улан Эркинович 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында 1982-жылы туулган.

Билими жогорку. 2004-ж. – Ош мамлекеттик университетин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган; 2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясы, «Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Эмгек ишмердиги:

02-06.2005-ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам тартууга аракеттешүү департаменти, аялдардын үй-бүлөлөрү менен иштешүү бөлүмү, адис

2005-2006-жж. –  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, талдоо бөлүмү, адис

02-04.2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, басма сөз кызматы, башчы

2007-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, министрдин кеңешчиси

02-03.2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Социалдык саясатты талдоо жана болжолдоо башкармалыгы, башкы адис

2008-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, министрдин кеңешчиси

01-11. 2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, вице-премьер-министрдин жардамчысы

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өкмөттүк чечимдер экспертизасы бөлүмү, эксперт

01-09.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, вице-премьер-министрдин жардамчысы

10.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, министрдин жардамчысы

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, этникалык кыргыздар жана кайрылмандар менен иштөө

02-12.2011-ж. – Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлиги, министрдин кеңешчиси

02-10.2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык мониторинг бөлүмү, инспектор

06-12.2013-ж. – «Коомдук коммуникациялар институту» коомдук фонду, ассистент

2013-2014-жж. – «ИНВЕСТКОНСАЛТ» коомдук фонду, аткаруучу директор

2014-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, социалдык саясат бөлүмү, эксперт

02-05.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык өнүктүрүү бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары

2016-ж.  – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык өнүктүрүү бөлүмү, башчы

2018-жылдан тарта  – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, социалдык өнүктүрүү бөлүмү, башчы.