Калматов Азамат Маматысакович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары

Калматов Азамат Маматысакович 1975-жылдын 22-ноябрында Ош облусунун Араван районунда туулган.
1998-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин “радиоэлектрондук каражаттардын технологиясы жана долборлоо” кесиби боюнча, 2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “финансы жана кредит” кесиби боюнча бүткөн.

Эмгектенүүсү:

1998-ж. – 2000-ж., “Эл аралык илимий борбор” КБ, инженер-оператору;
2000-ж. – 2016-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, кызматкер.

2016-жылдын 11-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары – бөлүмдүн башчысынын орун басары болуп дайындалган.