Тешебаев Мурадин Жолдошович

ТЕШЕБАЕВ Мурадин Жолдошович

1973-жылдын 7-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Каратай айылында туулган.

Билими жогорку. 1990-1996-жылдары Ош технологиялык университетинин технологиялык факультетин «инженер-технолог» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2000-2001-жж. — Кара-Суу райондук депутаттар кеңеши, алдыңкы адис

2001-2004-жж. — Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы, башкы адис

2004-2007-жж. — Ош облустук мамлекеттик администрациясы, агрардык өнүктүрүү бөлүмү, алдыңкы адис

2007-2008-жж. — Ош облустук мамлекеттик администрациясы, өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү, башкы адис

2008-2009-жж. — Ош облустук мамлекеттик администрациясы, финансы бөлүмү, башкы адис

2009-2010-жж. – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн туризм жана ишкерлик сектору, башчы

2010-2011-жж. – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды жана финансы тартуу бөлүмүнүн туризм жана ишкерлик сектору, башчы

2011-2012-жж. — Ош облустук мамлекеттик администрациясы, экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды жана финансы тартуу бөлүмү, башчы

2012-2013-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, аймактык өнүктүрүү бөлүмү, башчы

2013 — 2016-жж. — Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы, жетекчинин биринчи орун басары

2016-жылдын май айынан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, башчынын орун басары