ДЖУНУШАЛИЕВ Кашкар Астаканович

ЖУНУШАЛИЕВ Кашкар Астаканович

1961-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-ж. Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Милициянын генерал-майору

Эмгек жолу:

1981-ж. – Фрунзе шаарынын ИИБ батальон милиционери

1986-ж. Фрунзе шаарындагы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында инспектор;

1991 — 1992-жж. – Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын профилактикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

1992-1993-жж. – Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн жоопкерчиликтүү нөөмөтчүсү;

1993-1994-жж. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн жетекчиси;

1994-1997-жж. – Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

1997-1998-жж. – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

1998-2003-жж. – Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2003-2007-жж. – Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2007-2008-жж. – Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2008-жж. – Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2008-2009-жж. – Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2009-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2010-2010-жж. – Ички иштер министринин орун басары;

2010-2014-жж. – Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси;

02.06.2016-жж. – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

20.04.2018-жж. – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри.