АСАНБЕКОВА Аида Нурбековна

SAB_9882sКотормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы

Асанбекова Аида Нурбековна 1985-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин “Кыргыз мамлекеттик тили кыргызча эмес билим берүү мекемелеринде” адистиги боюнча аяктаган.
2014-жылы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун “финансы жана кредит” факультетин аяктаган.

Класстык чини – “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси”.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эмгек жолу:

2008-2009-жж. – “Кыргыз-Караван”, “Шамбала” газеталары, журналист;
2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, инженер-котормочу;
2012-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн лингвистикалык экспертиза секторунун эксперти;
2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн лингвистикалык экспертиза секторунун эксперти;
2016-жылдын майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы.