БУСУРМАНКУЛОВ Эмилбек Бурканбекович

SAB_4086БУСУРМАНКУЛОВ Эмилбек Бурканбекович

1975-жылдын 6-июлунда Ош облусунун Совет районунун Кара-Кулжа айылында төрөлгөн.

2000-жылы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтту аяктаган, адистиги  инженер-электромеханик.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясын аяктаган, адистиги Мамлекеттик башкаруу.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык  Академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган, адистиги юрист.

Мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Муниципалдык кызматтын отличниги, Мамлекеттик кызматтын отличниги

Эмгек жолу:

1997-2003 Москвадагы “Свобода” косметикалык өндүрүштүк бирикмесинин Кыргызстандагы филиалынын башчысынын орун басары, башчысынын милдетин аткаруучу

2003-2005 Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр Жыйынынын Аппаратынын Жалпы бөлүмүнүн консультанты

2005-2007 Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укуктук реформа жана адам укуктары комитетинин ишин камсыздандыруу бөлүмүнүн улук консультанты

2007-2008 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жардамчысы

2008-2010  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын консультанты

18.05.2010 – 23.08.2010 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн уюштуруу -инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору

23.08.2010 - 04.01.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу     бөлүмүнүн инспектору

04.01.2011 – 16.01.2012 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору

16.01.2012 – 22.10.2012 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана регионалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары – уюштуруу-инспектордук иштер сектор башчысы

22.10.2012 – 02.08.2016 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары

02.08.2016 – 22.06.2017   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы

22.06.2017 – КР Өкмотүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы