БЕРДАЛИЕВ Бакыт Чырмашбаевич

Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич 1978-жылдын 1-майында Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн.

2001-жылы Ош технологиялык университетинин «Финансист-менеджмент» адистиги боюнча аяктаган.

2009- жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын «Башкаруу-менеджмент» адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1995-жылдан 2001-жылга чейин – Ош технологиялык университетинде студент.

2004-жылдын март айынан 2007–жылдын октябрь айына чейин  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинде башкы адис.

2007–жылдын октябрь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти.

2010-жылдын апрель айынан  2010-жылдын август айына чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти.

2010-жылдын август айынан 2011-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти.

2011-жылдын январь айынан 2015-жылдын август айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти.

2015-жылдын декабрь айынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары.