Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы

Айдарбеков  Айбек Акматбекович 

1978-жылы Жалал-Абад шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Дипломатиянын жана эл аралык укуктун жогорку мектебин аяктаган. Эл аралык укуктун магистри. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча магистратурасын аяктаган. 2006-жылы жарандык авиация боюнча «Учууларды камсыз кылуу» жана 2007-жылы  «Авиатранспорт маркетинги» курстарын «Авиабизнес» жогорку коммерциялык мектеби» (Москва ш., Россия), ошондой эле 2011-жылы англис тили курсун (Дели ш., Индия) өткөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1999-2006-жж. – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Чыгыш тилдери жана маданияты институтунун тышкы байланыш бөлүмүнүн инспектору жана башчысы, андан кийин директордун орун басары болуп дайындалган.

2006-2010-жж. – «Эсен Эйр» авиакомпаниясы, аткаруучу директор

2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын адиси жана тышкы байланыш башкармалыгы, башкы адис

12.2012-03.2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, эл аралык кызматташтык бөлүмү, эксперт

04.2015-03.2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, эл аралык кызматташтык бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары

2016-жылдын апрелинен бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, эл аралык кызматташтык бөлүмү, бөлүм башчысы

Кошумча маалымат:

«Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси» класстык чинине жана «Биринчи класстагы кеңешчи» дипломатиялык  рангына ээ.