Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы

АКМАТАЛИЕВ Адилет Искендербекович

1986-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку. 2010-жылы И.М.Губкин атындагы Россия мамлекеттик нефти жана газ университетинин (Москва, Россия Федерациясы) юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2010 – 2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги, укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгы, адис

06 – 12. 2011-ж. — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги, укуктук камсыздоо башкармалыгы, алдыңкы адис

01 – 07. 2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, укуктук камсыздоо бөлүмү, алдыңкы адис

2012 – 2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика жана антимонополдук саясат министрлиги, Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын жер казнасы саясаты бөлүмү, башчы

05 – 07. 2014-ж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министрдин кеңешчиси

2014 – 2015-жж. — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгы, начальник

05 – 11. 2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казнасын пайдалануу бөлүмү, башчынын орун басары

2015-жылдын ноябрь айынан тарта — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казнасын пайдалануу бөлүмү, башчы

Кошумча маалымат:

Финансы-экономикалык кызматтын отличниги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты менен сыйланган