Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович

1977-жылдын 28-апрелинде Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы «Майлуу-Суу электр-механикалык техникумун “техник-технолог» адистиги боюнча бүтүргөн. 2013-жылы Экономика жана ишкердик университетинин «бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 2007-жылы «Ак-Жол-2000» фермердик чарбасында баштаган.

2007-2013-жылдары «Ак-Жол-2000» фермердик чарбасынын коммерциялык директору
болуп иштеген.

2013-2015-жылдары Майлуу-Суу шаарынын мэри болгон.

2015–жылы 4-октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын
тизмеси боюнча VI чакырлыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттыгына шайланган.