Муратбеков Канатбек Камбарбекович

Муратбеков Канатбек Камбарбекович
Муратбеков Канатбек Камбарбекович, 1970 жылдын 1 апрелинде Фрунзе шаарында Мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1977 жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылындагы орто мектептин босогосун аттап, 1987 жылы мектепти аяктаган.

1987-1988 жылдары колхоздо айдоочу болуп эмгектенген.

1988-1990 жылдары Совет армиясынын катарында аскердик кызмат өтөгөн.

1990 жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин эсеп жана экономикалык факультетине тапшырып, 1996 жылы жогорку окуу жайды аяктап “ курулуштагы бухгалтердик эсептөө” кесибине ээ болот.

1997-1997 жылдары дыйкан чарбада жеке ишкерлик менен алектенет.

1997-2001 жылдары “Универсал Тур” аттуу эл аралык туристик ишканада маркетинг боюнча орун басар.

2001-2005 жылдары РК, Кызыл-Орда шаарындагы “Циркон” соода базасынын директору.

2005-2008 жылдары РК, Шымкент шаарындагы “Рай-Сай” аттуу соода базасынын директору.

2008 жылы Август-декабрь айында РК, Семетей шаарындагы “Дениджо” соода базасынын директору.

2007-2010 жылдары Кыргыз Мамлекеттик улуттук университети, эсептөө жана юридикалык факультет, бажы ишмердүүлүгү-кесиби.

2009-2011 жылдары Кытай эл Республикасынын Урумчи шаарындагы “ ADEMA” импорттоо жана экспорттоо ишканасынын директору.

2011 жылдын 15 февралынан баштап, 2012 жылдын 16 августуна чейин Нарын облусунун губернатору.

2012 жылдын 16 августунн баштап, 2013 жылдын ноябрына чейин Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

2013 жылдын ноябрынан баштап 2014 жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын өнөр-жай жана энергетика минисринин орун басары.

2014 жылдан 2015 жылдын октябрына чейин жеке ишкер.

2015 жылдын ноябрь-декабрь айы- Кыргыз Респуликасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.

03.12.2015 жылдан баштап, бүгүнкүгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын директору.