КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ

АБДЫЛДАЕВ Эрлан Бекешович

1966-жылдын 21-июлунда туулган.

Билими:

1989 – жылы Москва мамлекеттик эл аралык байланыштар институтун аяктаган, эл аралык байланыштар адистигине ээ.

 Эмгек тажрыйбасы:

1989 – 1989 – жылдары – СССР Тышкы иштер министрлигинин референти, Социалисттик Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгы;

1989 – 1994 – жылдары – СССР элчилигинин атташеси, 3-чү катчысы, Россия Федерациясынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги;

1994 – 1997 – жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн референти, консультант-эксперти;

1997 – 1998 – жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин департаментинин мүдүрүнүн орун басары;

1998 – 2001 – жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;

2001 – жылдан 2005 – жылдын 12 – сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси. Бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Монголиядагы, Сингапурдагы жана Таиланддагы элчиси.

2005 – 2007 – жылдары Коомдук саясат институтунун эксперти;

2007 – 2012 – жылдары Кыргызстандагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун мүдүрү;

2012 – жылдын 6 – сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Дипломатиялык рангы: Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси.

Кыргыз, орус, кытай жана англис тилдерин билет.