ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

СУЛТАНБЕКОВА Чолпон Аалыевна

19 август 1969-жылы Бишкек шаарында туулган.

1986–жылы Москва шаарындагы Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырган. 1991-жылы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынынын «юриспруденция»

адистигин аяктаган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын «эл аралык мамилелер» адистигин бүтүргөн.

                                                                    ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

 1991-ж.  Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган.

1995–2010- ж. «Палван» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

1998–2010-ж. «Алмаз» акционердик коом башкармалыгынын төрайымы;

2000–2001-ж.  Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти;

2003–2005-ж.  «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

2005-ж.  «Экогармония женщин» коомдук бирикмесинин түзүүчүсү;

2004-ж.  Азия боюнча (азиялык) «Алыш» белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти;

2005-жылы  Эл аралык «Алыш» белбоо күрөш федерациясынын ардактуу президенти;

2010-2015-жылдары «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешине  депутаты болгон.

2011-ж. Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика боюнча федерациясынын президенти;

2011-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комититетинин төрайымы;

2011–2013-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

2012-ж.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» фракциясынын лидеринин орун басары;

2013–2015-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төраганын орун басары;

2015-ж. «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси  боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешине  депутат болуп шайланган.

2016 – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

                                                                           кошумча маалымат:

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы.

Орто Азия Элдеринин тарыхы институтунун академиги.

«ФИЛА» ордени менен сыйланган.