ИСРАИЛОВ Улан Джумабекович

Исраилов Улан Жумабекович 1973-жылы 19-октябрда туулган.

Омскийдеги СССРдин ИИМнин жогорку мектебинде 1991-1995-жылдары билим алган.

1995-1999-жылдары Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкери болуп иштеген.

1999-жылы жумушунан бошогон.

2004-2005-жылдары ИИМдин күзөт башкармалыгынын департаментинде иштеген.

06.2005 06.2008. ж. ИИМдин департаментинин атайын багыттагы полкунун тескөөчүсү болгон.

08.2008 10.2008. ж. ИИМдин адистештирилген күзөт башкы башкармаалыгынын атайын багытынын юридикалык жактардын укуктарын коргоо жана камсыз кылуу боюнча командирдин орун басары болгон.

09.2008 10.2008. ж. ички иштер органдарынан бошогон.

2011-2013-жылдары УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери болгон.

2013-2014-жылдары Свердлов РИИБинин жетекчиси болгон.

2014-2016-жылдары ИИМдин башкы башкармалыгын жетекчиси болгон.

2016-жылы УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

2016-жылдын 11-ноябрынан тартып Ички иштер министри болуп дайындалды.